Бүгүн, 22-апрелде Кыргызстанга россиялык “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы келет.

Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, вакцина Бишкектин “Манас” аэропортуна саат 15:15те келип түшөт. Иш-чарага биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышат.

Вакцинаны жеткирүү президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 24-25-февралында Москва шаарына жасаган иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген келишимдердин алкагында ишке ашырылууда.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, вакцина келип түшкөндөн кийин кайсы категориядагы адамдарга сайылары боюнча чечим кабыл алынат.

Булак: Кабар