Кыргызстанда коронавирустун "британиялык" штаммы катталды.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда коронавирус аныкталгандардын 50%ы "британиялык" штамм болуп саналат.

Ал коронавирустун бул түрү коркунучтуурак экенин белгиледи.

“Мурдагы штамм чогуу болгондордун арасында 1-2 адамга жукса, "британиялык" штамм бир оорулуудан 3-5 адамга чейин жугушу мумкүн. Бул вирус агрессивдүү. Азыр чараларды көрүп жатабыз, Россиянын вакцинасын тезирээк алып келип, элди эмдөө керек”, - деди министр.