Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус дагы 380 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 246, Ош шаарында – 14, Чүй облусунда – 91, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 15, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 164 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 94, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 44, Ош облусунда – 7, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда – 3 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 352 бейтап, амбулатордук түрдө 1 556 адам дарыланууда. 962 бейтаптын абалы орто оордукта, 316 адамдын абалы оор жана 52 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 380 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 291 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 93 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 554 киши айыгып чыкса, 1 миң 566 адам каза болду.