Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 306 адамдан коронавирус илдети аныкталды.

Аймактар боюнча караганда, Бишкек шаарында 203 учур, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 52, Ош облусунда — 11, Талас облусунда — 1, Нарын жергесинде — 4, Ысык-Көлдө — 16, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 4 учур катталды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 92 миң 626га жетти.

COVID-19 вирусунан акыркы бир суткада төрт адам каза болду. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен көз жумгандар 1561 адам.

Бир сутка ичинде 161 жаран сакайып, оорудан айыккандар жалпы 87 390го жетти. 

Ушул күндөрү өлкөдө 2 миң 699 адам дарыланып жатат. Анын 1309у ооруканаларда, калганы үй шартында. Дарыланып жаткандардын ичинен 50 адам өтө оор абалда экени кабарланды.