Кыргызстанда жалпы 10 миң 830 адам “Синофарм” вакцинасын алды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вакцинаны медкызматкерлер, мугалимдер, 65 жаштан жогору курактагы жарандар, күч структурасынын кызматкерлери алууда.

“Аймактар боюнча алганда Бишкекте 914, Ош шаарында 955, Чүйдө 1 миң 28, Ош облусунда 3 миң 903, Ысык-Көлдө 790, Таласта 236, Нарында 552, Жалал-Абадда 2 миң 49, Баткенде 403 жаран эмдөөдөн өттү”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.