Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус дагы 212 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 152, Чүй облусунда – 22, Ош шаарында – 4, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 18, Нарын облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 149 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 101, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 34, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 9 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1246 бейтап, амбулатордук түрдө 1270 адам дарыланууда. 851 бейтаптын абалы орто оордукта, 311 адамдын абалы оор жана 53 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 356 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 272 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 92 миң 95 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 56 киши айыгып чыкса, 1 миң 555 адам каза болду.

Булак: Кабар