Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 719 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 436, Алматы шаарында - 665, Шымкент шаарында - 114, Акмоло облусунда - 98, Актөбе облусунда - 206, Алматы облусунда - 251, Атырау облусунда - 110, Чыгыш-Казакстан облусунда - 85, Жамбыл облусунда - 46, Батыш-Казакстан облусунда - 205, Караганда облусунда - 220, Костанай облусунда - 30, Кызылорда облусунда - 35, Мангистау облусунда - 80, Павлодар облусунда - 50, Түндүк-Казакстан облусунда - 35, Түркестан облусунда – 53 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 289 миң 720 адам коронавирус жуктурган.

Булак: Кабар