Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 227 учуру катталды. Б
ул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, соңку суткада 4348 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору көп аныкталды. Ошондой эле инфекция 4 медицина кызматкеринен табылган.
Алар:
Бишкек шаарында – 141;
Ош шаарында – 6;
Чүй облусунда – 64;
Ош облусунда – 2;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 9;
Жалал-Абад облусунда – 1;
Баткен облусунда – 2.
Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 124 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3, Чүйдө 1 киши каза болду.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 90 миң 599 адамдан аныкталды. Анын ичинен 86 миң 152 бейтап айыгып, 1 миң 532 киши каза болду.