Бишкек, "Саясат. kg"  7-апрелге карата Кыргызстандын аймагында 161 адамдын анализинен коронавирус жана пневмония илдети аныкталды.

Бул туураулуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Алар:

- Бишкек шаарында 97 адам;

- Ош шаарында 6 адам;

- Чүй облусунда 46 адам;

- Талас облусунда 3 адам;

- Нарын облусунда 1 адам;

- Ысык-Көл облусунда 7 адам;

- Жалал-Абад облусунда 1 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 89 438 адамга коронавирус жуккан.

 Бүгүн, COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза тапты. Анын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталды.

Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19 илдети аныкталгандан кийин жалпы 1512 адам көз жумган.