Экономика жана финансы министрлиги тарабынан мамлекеттик бюджеттик резервке 2 млрд 400 млн сом көлөмүндөгү каражат каралды.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул каражат күтүлбөгөн чыгымдарды, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаал олуттуу начарлап кеткен учурда каржылоого каралган.

Мындан тышкары, КРнын өкмөтүнүн 2021-жылы 14-январдагы буйругу менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине жана илдеттин очогунда иштөөгө тартылган жактарга кенемте төлөөгө 500 млн сом суммасындагы каражат каралган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Экономика жана финансы министрлиги тарабынан SARS-CoV-2 вирусун козгогон коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында өнүгүү (эл аралык донорлор) боюнча өнөктөштөрдүн дарегине COVID-19га каршы эмдөөгө каражатты бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга долбоордук билдирүүлөр багытталган. Ошондой эле өкмөт Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, башка министрлик жана ведомстволорго COVID-19га каршы күрөшүү үчүн каражат чогултуу жаатында донорлор менен иштөөнү күчөтүү милдетин койду.

Булак: Кабар