Бир суткада 124 кишиден вирус аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 77, Чүй облусу — 43, Ысык-Көл облусу — 3, Нарын облусу - 3, Ош облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Март айынан бери 89 миң 277 киши вируска чалдыгын, 1 миң 509 бейтап көз жумду.