Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 921 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 368, Алматы шаарында - 611, Шымкент шаарында - 48, Акмоло облусунда- 52, Актөбе облусунда - 61, Алматы облусунда - 255, Атырау облусунда - 103, Чыгыш-Казакстан облусунда - 34, Жамбыл облусунда - 26, Батыш-Казакстан облусунда - 105, Караганда облусунда - 88, Костанай облусунда - 35, Кызылорда облусунда - 18, Мангистау облусунда - 31, Павлодар облусунда - 54, Түндүк-Казакстан облусунда - 20, Түркестан облусунда – 12 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 255 миң 28 адам коронавирус жуктурган.

Булак: Кабар