Кыргызстанда бир суткада коронавирус 142 адамдан табылды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 90, Чүй облусунда – 44, Ысык-Көл облусунда – 7, Баткен облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 49, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Кол облусунда – 5 жана Баткен облусунда -1 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 582 бейтап, амбулатордук түрдө 729 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 259 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 203 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 88 миң 842 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 77 киши айыгып чыкса, 1 миң 502 адам каза болду.