Министрдин айтымында, «реалисттик сценарий» боюнча жакынкы үч айда Казакстанда COVID-19 менен 250 миң киши ооруп, алардын 127си ооруканага жатат.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой президент Касым-Жомарт Токаев катышкан өкмөттүн жыйынында өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын өнүгүшүнүн үч ыктымал сценарийи менен тааныштырды.

Цой «пессимисттик сценарий» боюнча апрель-июнь айларында өлкөдө коронавирус 370 миң кишиге жугуп, 190 миң адам ооруканага жаткырылышы мүмкүн экенин билдирди.

Министрдин айтымында, «реалисттик сценарий» боюнча жакынкы үч айда Казакстанда COVID-19 менен 250 миң киши ооруп, алардын 127си ооруканага жатат.

«Оптимисттик сценарийге» ылайык, апрелден июнга чейин 140 миң киши вирус жуктуруп, 71 миң бейтап ооруканага жаткырылат.

Цой өлкөнүн саламаттык сактоо системасы «реалисттик сценарийде» көрсөтүлгөн сандагы бейтаптарды дарылоого кудуреттүү экенин билдирди.

Токаев калкты эмдөө иштери жай жүрүп жатканын белгилеп, абал өзгөрбөсө «кадрдык чечимдерди» кабыл ала турганын айтты.

Казакстанда коронавируска каршы эмдөө 1-февралда башталган. Расмий маалыматтарга ылайык, андан бери вакцинанын алгачкы компоненти 173 миң кишиге сайылды.

Булак: 24.kg