Бүгүн Кыргызстандын премьер-министри коронавируска каршы эмделиши мүмкүн.

Бул тууралуу "Биринчи радиодогу" түз эфирде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр Улукбек Марипов бүгүн антителага тест тапшырат. "Эгерде анын жыйынтыгы терс чыкса, мүмкүн бүгүн ал коронавирустук инфекциядан эмдөөдөн өтөт", - деп кошумчалады Бейшеналиев.