Бүгүн, 31-мартка караган суткада Кыргызстанда дагы 98 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID-19 диагнозу аныкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 48 адам;

- Чүй облусунда 36 адам;

- Ысык-Көл облусунда 6 адам;

- Жалал-Абад облусунда 4 адам;

- Баткен облусунда 1 адам;

- Ош облусунда 1 адам;

- Нарын облусунда 1 адам;

- Ош шаарында 1 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 88 374 адам COVID-19 диагнозу менен катталды.

Акыркы суткада 1 бейтап көз жумган.