Бүгүн, 30-мартка караган суткада Кыргызстанда дагы 113 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID диагнозу такталды.

Бул маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Жаңы катталгандар:

- Бишкек шаарында 61 адам;

- Чүй облусунда 44;

- Ысык-Көл облусунда 5;

- Нарын облусунда 3 адам.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери жалпы 88 276 адам COVID диагнозу менен катталган.

Акыркы суткада 1 бейтап көз жумду.