Бүгүн, 26 — мартка карата республика боюнча COVID-19дун 100 учуру катталды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

-Чүй облусунда 46 адам;

- Бишкек шаарында 45 адам;

- Ысык-Көл облусунда 5 адам.

- Ош облусунда 2 адам;

- Баткен облусунда 1 адам;

- Жалал-Абад облусунда 1 адам;

Ошол эле учурда бир сутка ичинде жалпысынан 62 бейтап айыгып чыкты.

Мындан сырткары сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны  87 миң 858ке жетип, алардын ичинен 84 миң 469 адам айыкты. Мунун ичинен 1494 адам көз жумду.