Кыргызстанда бир суткада коронавирус 115 адамдан табылды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 66, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 42, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 65 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 20, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда 3, Жалал-Абад облусунда – 3 жана Ысык-Көл облусунда – 10 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Штабдан билдиришкендей, бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 222 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты", - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 652 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 339 киши айыгып чыкса, 1 миң 492 адам каза болду.