23-мартта Душанбедеги «Истиклол» клиникасында коронавирустун жаңы түрүнө каршы эмдөө расмий түрдө башталды.

Калктын аярлуу катмарын инфекциялык ооруларга каршы эмдөө жөнүндө токтомго тажик президенти 22-мартта кол койгон.

Сentralasian кызматы кабарлагандай, Тажикстанда COVID-19га каршы биринчилерден болуп БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Осама Маккави эмдөөдөн өттү.

Ал салтанаттуу жыйын учурунда бул кадамы аркылуу AstraZeneca вакцинасынын коопсуз экенин көрсөткүсү келгенин билдирди. Маккави тажик коомчулугун кетенчиктебей эмдөөдөн өтүүгө үндөдү.

ЮНИСЕФ башчысынан кийин Тажикстандын саламаттык сактоо миинстри, анын эки орун басары жана башка ден соолук тармагындагы кызматкерлер да эмделишти.

Расмий маалыматтарга караганда, Тажикстанда жалпысынан үч миңдей эмдөө жайы уюштурулду.

Тажикстан AstraZeneca вакцинасынан 192 миң доза алган. Алгач медицина кызматкерлери, экономиканын стратегиялуу тармактарынын кызматкерлери, 60 жаштан ашкан жарандар, өнөкөт оорусу барлар жана билим берүү кызматкерлери эмдөөдөн өтүшү керек.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 308 киши вирус жуктуруп, 90 бейтап көз жумду.

Булак: Кабар