Бүгүн дагы 82 адамдан COVID-19 табылып, бир адам каза болду

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 55, Чүй облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда - 3 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 46 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда бир адам кала каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 395 бейтап, амбулатордук түрдө 363 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 321 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 130 киши айыгып чыкса, 1 миң 488 адам каза болду.