Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 3689 пчр изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек менен Чүйдө оору көп аныкталса, Талас жана Баткен облустарында катталган эмес. Ошондой эле инфекция 2 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 43;
Ош шаарында – 2;
Чүй облусунда – 35;
Ош облусунда – 3;
Нарын облусунда – 3;
Ысык-Көл облусунда – 8;
Жалал-Абад облусунда – 2.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 53 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкек шаарында 2 адам каза болгон.