Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок.

COVID-19 боюнча Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 18-мартка карата Бишкек шаарында – 49, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 36, Ош облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, жалпы 98 адам коронавируска чалдыккан.

Ал эми бир сутка ичинде коронавирустан 51 бейтап: Бишкек шаарында — 24, Чүй облусунда — 17, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 8 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда 347, амбулатордук түрдө 337 бейтап дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 143 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 84 миң 31 бейтап айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.