Акыркы суткада республикада 4095 ПЦР анализдери жүргүзүлдү

Кыргызстанда 17-мартка карата коронавирустун жана жугуштуу пневмониянын 55 жаңы учуру аныкталды. COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Бишкек шаарында - 30 адам, Ош - 2, Чүй облусу - 13, Ош - 1, Талас - 1, Нарын - 4, Ысык-Көл - 5.

Жалал-Абад жана Баткен облустарында жаңы жугуштуу учурлар табылган жок.

Өткөн суткада 4095 ПЦР анализдери жүргүзүлдү. Стационардык дарыланууда 333, амбулатордук дарыланууда 307. Бир сутка ичинде бир адам каза болду.