Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылды.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 23 адамдан, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Нарын облусунда – 1 кишиден табылган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 924 киши айыгып чыкса, 1 миң 484 адам каза болду.