Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 67 адамдан катталып, экөө каза тапты.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 43 адамдан, Ош шаарында – 3, Ысык-Көл облусунда – 4, Чүй облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 39 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 16, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 7, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 6 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 345 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 208 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 917 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 875 киши айыгып чыкса, 1 миң 483 адам каза болду.