Кыргызстанда бир суткада коронавирус 52 адамдан табылып, 52си айыкты.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 26 адамдан, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 52 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 19, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 9, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Баткен облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 291 бейтап, амбулатордук түрдө 264 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 692 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 718 киши айыгып чыкса, 1 миң 476 адам каза болду.