Кыргызстанда бир суткада коронавирус 23 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте коронавирус – 16 адамдан, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 31 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 20, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 330 бейтап, амбулатордук түрдө 256 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деди Акматова.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 606 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 606 киши айыгып чыкса, 1 миң 475 адам каза болду.