Бүгүн, 9-мартта Монголияда жарандарды коронавируска каршы массалык эмдөө башталды.

Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялады.

Анын айтымында, март айында 508 адам, апрелде 500 миң адамды эмдөө пландалган.

ӨКМ кызматы билдиргендей,  өлкөдө карантин киргизилбейт. Бирок эмдөө иштери күчөтүлүп, 85 пункт иштейт. Күнүнө 16-20 миң адам эмделиши керек.

Монголияда жалпы 3 336 адамдан коронавирус аныкталып, анын ичинен 2 481 адам айыкты.

Булак: Маралфм