Кыргызстанда бир суткада коронавирус 33 адамдан табылып, 2 бейтап каза болду.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 17 адамдан, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда -2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 45 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 16, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 2, Талас облусунеда - 4, Ысык-Көл облусунда – 7, Нарын облусунда – 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте эки адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 334 бейтап, амбулатордук түрдө 260 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 583 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 575 киши айыгып чыкса, 1 миң 473 адам каза болду.