Бүгүн дагы 55 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 21 адамдан, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 3, Чүй облусунда – 14, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал - Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 60 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 17, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 8 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көлдө бир адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 344 бейтап, амбулатордук түрдө 267 адам дарыланууда.

"Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 206 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 194 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 506 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 484 киши айыгып чыкса, 1 миң 471 адам каза болду.