Бишкек, "Саясат. kg".   4-мартка карата Кыргызстанда  дагы 54 адамдан коронавирус жана пневмония диагнозу тастыкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Алар:

- Бишкек шаарында 26 адам;

- Ош шаарында катталган жок;

- Чүй облусунда 10 адам;

- Ош облусунда 5 адам;

- Талас облусунда катталган жок;

- Нарын облусунда 4 адам;

- Ысык-Көл облусунда 7 адам;

- Жалал-Абад облусунда 1 адам;

- Баткен облусунда 1 адам.

Муну менен Кыргызстанда жалпы 86 миң 410 адам COVID-19 илдетине чалдыккан.