Бүгүн дагы 48 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 17, Чүй облусунда – 13, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда – 1 кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирустан – 17, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында - 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда - 3 киши айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 355 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде стационардан бир, үй карантининен 2 медик айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 186 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 359 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 318 киши айыгып чыкса, 1 миң 468 адам каза болду.