Кыргызстанда бир суткада коронавирус 44 адамдан табылып, 52 бейтап айыкты.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 16, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 5, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Талас облусунда – 1 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 52 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 21, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Талас облусунда — 2, Баткен облусунда — 1 бейтап коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте бир киши каза болду.

Учурда стационарларда коронавирустан 364 бейтап, амбулатордук түрдө 283 адам дарыланууда.