Дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондордун саны 2 500 770ке жетти.

Көрсөткүч Жон Хопкинс университетинин сайтынан алынды.

Жарандары илдеттен эң көп каза тапкандардын алдыңкы сабында АКШ (506 232), Бразилия (249 957) жана Мексика (182 815) турат. Ошондой эле Индия, Улуу Британия, Италия, Франция жана Орусияда да өлүм учурлары көп катталган.

Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча коронавирусту 112,6 миллион адам жуктуруп алган.

Буга чейин «Pfizer» жана «BioNTech» коронавирустук вакцинасынын үчүнчү дозасын текшерип жатканы айтылган.

Булак: Маралфм