Кыргызстанда 51 адамдан коронавирус илдети аныкталып, каза болгондор катталган жок.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Оору жаңы аныкталгандардын эң көбү Чүй облусунда - 22 адам.

Өлкөдө оору жуккандардын жалпы саны 86 142 кишиге жетти.

Бир күндө 55 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 368 адам жатат, дагы 313 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4204 адамга жетти, алардын 4172си айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору бир дарыгерден табылды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталган.