Бүгүн дагы 66 адамдан COVID-19 табылып, 3 бейтап каза болду.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 27, Чүй облусунда – 24, Ош облусунда - 6, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда - 6, Баткен облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 68 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 19 адамдан, Ош шаарында - 2, Чүй облусунда – 24, Нарын облусунда – 5, Жалал - Абад облусунда - 5, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда - 3 Баткен облусунда - 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте – 2, Ысык-Көлдө - 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 358 бейтап, амбулатордук түрдө 328 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 203медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 166 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 91 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 6 киши айыгып чыкса, 1 миң 463 адам каза болду.