Бүгүн дагы 59 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 22, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 18, Ош облусунда - 8, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда - 9 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 107 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 40 , Чүй облусунда – 33, Ош облусунда - 11, Нарын облусунда – 7, Жалал - Абад облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда – 9, Талас облусунда - 3, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте - 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 391 бейтап, амбулатордук түрдө 358 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 202 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 4 миң 147 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 831 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 690 киши айыгып чыкса, 1 миң 452 адам каза болду.