Дүйнө жүзүндө коронавирус менен катталган адамдардын саны 110 миллионго жакындады.

Бул тууралуу Жонс Жопкинс университетинин маалыматында айтылат.

Тактап айтканда бүгүн, 18-февралга чейин дүйнө жүзүндө 109 млн 943 миң 604 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 2,4 млн киши көз жумган.

Коронавирус жуктурган жана андан каза болгон жарандарынын саны боюнча АКШ 1-орунда турат.

Коронавирус жуктурган адамдар эң көп катталган 3 өлкө:

- АКШ — 27,8 млн адам;

- Индия — 10,9 млн адам;

- Бразилия — 9,9 млн адам.

Булак: Баракелде