Бүгүн дагы 70 адамдан COVID-19 табылып, 2 бейтап каза болду

  Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 37 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал - Абад облусунда – 4, Баткен облусунда - 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 92 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 38, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 32, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал-Абад облусунда – 3 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда бир жана Нарын облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 496 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 194 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 113 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 398 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 82 миң 98 киши айыгып чыкса, 1 миң 439 адам каза болду.