Казакстанда «Спутник V» вакцинасын өндүрүп жаткан ишкана анын баасын айтуудан баш тартты

 «Караганды фармацевтикалык комплексинин» жетекчилиги ишкана орусиялык «Спутник V» вакцинасын өндүрүү үчүн бюджеттен канча каражат ала турганы жөнүндө суроого жооп берүүдөн баш тартты.

— Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусиянын түз инвестициялар фондунун ортосунда кол коюлган өкмөттөр аралык макулдашуу бар. Баасы ошол жерде аныкталган. Казакстандын президенти вакцина бекер болорун айтты. Ошондуктан эмдөөдөн өтө тургандар үчүн анын баасы маанилүү эмес, — деди комплекстин ээлеринин бири жана мурдагы президенттин улуу кызы Дарига Назарбаеванын кудасы Кайрат Боранбаев.

Ал вакцина өндүрүү «социалдык долбоор» экенин кошумчалап, анын баасы боюнча маалымат алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлигине кайрылууну сунуштады.

Күн мурун «Караганды фармацевтикалык комплексинин» өкүлү ишкана вакцинанын алгачкы 22 миң дозасын Москвадагы Гамалеи институтуна текшерүүгө жөнөтүү үчүн кеткен каражатты да өзүнө алганын билдирген. Бирок ал чыгымдардын суммасын айткан эмес.

Январдын аягында Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов кайсыл жерде өндүрүлгөнүнө карабастан, «Спутник V» вакцинасынын баасы бирдей болорун билдирген. Анын айтымында, вакцинанын партиясына жараша баасы 20-26 доллар болушу мүмкүн. Акыркы баасы макулдашууга кол коюлгандан кийин белгилүү болот.

Жалпысынан орусиялык «Спутник V» вакцинасын сатып алуу үчүн Казакстан 16,8 миллиард теңге (40 миллион долларга жакын) жумшайт. Анын бир бөлүгү түздөн-түз Орусиядан алып келинсе, калганы «Караганды фармацевтикалык комплексинен» алынат.

Казакстанда 1-февралда башталган калкты жапырт эмдөөдө колдонулуп жаткан «Спутник V» вакцинасы бул өлкөдө расмий каттоодон өткөн эмес.

Булак: Кабар