Кыргызстанда бир суткада коронавирус 82 адамдан табылып, 3 адам каза болду.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 32, Чүй облусунда – 32, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал – Абад облусунда – 1, Баткен облусунда 2 кишиден коронавирус табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 98 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте 36, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 29, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 13, Жалал - Абад облусунда - 5, Баткен облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте - 3 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 424 бейтап, амбулатордук түрдө 535 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 192 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 107 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 85 миң 253 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 81 миң 923 киши айыгып чыкса, 1 миң 436 адам каза болду.