Бишкек, "Саясат. kg". Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирус 70 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы учурлар:
Бишкекте коронавирус – 22 адамдан,
Ошто – 1,
Чүй облусунда – 25,
Ош облусунда - 4,
Талас облусунда – 1,
Нарын облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 15,
Жалал-Абад облусунда - 1 адам.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 832 адам коронавирус илдетине чалдыгышкан.
Ал эми бир сутка ичинде 102 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Алар:
“Бишкекте – 47,
Ош шаарында – 2,
Чүй облусунда – 30,
Ош облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 15,
Жалал-Абад облусунда – 3,
Баткен облусунда - 1 адам.
Айыгып чыккандардын жалпы саны 81 миң 334 кишини түздү.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч адам каза тапты.
Үчөө тең Бишкек шаарындагы ооруканада дарыланып жатышкан.