Кыргызстанга мартта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын 504 дозасы келет

Кыргызстанга март айында коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынын 504 дозасы келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ал Кыргызстан Pfizer вакцинасынын баш тарткандыгын айтты.

Булак: Кабар