Бишкек, "Саясат. kg".  29-январга карата  Кыргызстанда  74 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 53 адам;

- Ош шаарында 1 адам;

- Чүй облусунда 11 адам;

- Ош облусунда 5 адам;

- Талас облусунда 1 адам;

- Нарын облусунда 1 адам;

- Ысык-Көл облусунда катталган жок;

- Жалал-Абад облусунда 2 адам;

- Баткен облусунда катталган жок.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 84 миң 377 адам COVID-19 илдети  менен катталган.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Ысык-Көлдө 1 бейтап көз жумду.

Муну менен Кыргызстанда 1409 адам коронавирус жана пневмониядан  каза тапкан.