Бишкек, "Саясат. kg". 27-январга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 107 учуру аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы учурлар:
- Бишкек шаарынан – 45,
- Ош шаарынан – 1,
- Чүй облусунан – 27,
- Ош облусунан – 16,
- Нарын облусунан – 1,
- Жалал-Абад облусунан – 5,
- Ысык-Көл облусунан – 11,
- Талас облусунан – 1 катталды.
Муну менен өлкөдө жалпысынан 84 175 адам ооруга чалдыккан.
Ал эми акыркы сутка ичинде коронавирустан Бишкек шаарынан 3 бейтап каза болду.
Көз жумгандардын жалпы саны 1405ке жетти.