Түркмөнстанда эмдөө үчүн ири масштабдуу даярдык башталды.

Материалдык-техникалык даярдыктан тышкары эмдөө үчүн жарандардын тобу да аныкталууда. Эң биринчи 60тан жогорку жаштагы кишилер эмдөөдөн өтөт.

Эмдөөгө даярдыктын алкагында 60тан жогорку курактагы кишилердин анализдери алына баштады.

Сentralasian түркөн кызматынын өз булактары билдиргендей, антителасы бар кишилер эмделбейт. Ошол эле маалда расмий түрдө коронавирус катталбаган өлкөнүн жарандарында кантип антитела болору белгисиз.

Түркмөнстан бийлиги эмдөө тууралуу расмий түрдө комментарий бере элек.

Ушул тапта бейтапканалар муздаткычтар менен камсыздалууда. Вакциналардын биринчи партиясы келди.

Маалыматка караганда, түркмөн бийлиги "Pfizer-BioNTech" вакцинасын алган, бирок анын катталышы боюнча эч кандай кабар жок.

Буга чейин Түркмөнстан Россия өндүргөн ”Sputnik V” вакцинасын каттаган. Бул тууралуу вакцинаны иштеп чыккан Россиянын Түз инвестициялар фонду кабарлаган. Анда Түркмөнстан Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн алгачкы болуп вакцинаны каттоого алганы айтылган.

Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Булак: Кабар