Германияда коронавирустун жаңы мутациясы аныкталды

 Баварияда коронавирустун жаңы мутациясы аймактык ооруканадагы 73 адамдан аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Оорукананын жетекчиси Франц Нидербюлдун айтымында, өткөн жумада адистер бейтаптардан алынган анализдин жыйынтыктарынан белгисиз нерсе аныкташкан. Бул медициналык мекеме сатып алган атайын жабдыктардын жардамы менен аныкталды. Жыйынтыгы дарыгерлерге кызыктай сезилгендиктен, алар «Шаритедеги» кесиптештери менен байланышкан. Эки күндөн кийин SARS-CoV-2 оорусунун жаңы мутациясы экендиги аныкталган.

«Бул түр менен биз буга чейин тааныш эмес болчубуз», - деди жетекчи.

Бирок жетекчинин айтымында, бул түрдү мурунку түрдөн тез жугат деп айтууга болбойт. Анткени Берлиндик талдоочулар муну аягына чейин изилдеп чыгышы керек.

«Пандемия башталгандан бери вирус 12 миңге жакын өзгөрүүгө дуушар болгонун байкадык», - деди ал.

Булак: Баракелде