Бишкек, "Саясат. kg". 18-январга карата Кыргызстанда дагы 69 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды.
Бул тууралуу республикалык ыкчам штабынан билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
- Бишкек шаарында 28 адам;
- Ош шаарында 7 адам;
- Чүй облусунда 11 адам;
- Ош облусунда 1 адам;
- Талас облусунда катталган жок;
- Нарын облусунда катталган жок;
- Ысык-Көл облусунда 19 адам;
- Жалал-Абад облусунда 3 адам;
- Баткен облусунда катталган жок;
Муну менен Кыргызстанда жалпы 83 миң 178 адамдан COVID-19 илдети аныкталган.
Ал эми акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен 3 адам көз жумду.
Үчөө тең Бишкек шаарындагы ооруканада дарыланып жаткан.
Республикалык ыкчам штабынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1387 адам коронавирус жана пневмония илдетинен каза тапты.