Кыргызстанда бир суткада коронавирус 123 адамдан аныкталып, 2 адам каза болду.

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 42 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда - 10, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 22, Талас облусунда – 2, Жалал - Абад облусунда - 6 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 128 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 52, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 40, Ош облусунда – 11, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 7 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Коронавирустан жалпы 1 миң 384 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 2 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 796 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 4 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 8 учур катталды. Үй карантининен 4, стационардан 1 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 158 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 55 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 83 миң 109 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 994 киши айыгып чыкса, 1 миң 384 адам каза болду.